Садыр Жапаровдун Сауд Арабиядагы жумушчу сапары аяктады

Садыр Жапаровдун Сауд Арабия падышалыгына болгон жумушчу сапары аяктап Бишкекке кайтып келгенин президенттик администрация маалымдады.
Анда айтылгандай, сапардын алкагында Жапаров Булуңдагы араб мамлекеттери жана каржы мекемелеринин башчылары менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.
19-июлда Жидда шаарында Ислам өнүктүрүү банкынын президенти Мухаммед бин Сулейман Аль-Жассер, Бахрейндин падышасынын атайын элчиси, падышанын үй-бүлө мүчөсү Нассер бин Хамад АльХалифа менен жолугушкан.
Ошондой эле ал Катардын эмири Тамим ибн Хамад Аль Тани, Кувейт мамлекетинин мураскер ханзаадасы шейх Мишаль Аль-Ахмад Аль-Жабер АльСабах жана Сауд Арабиянын мураскер ханзаадасы, премьер-министри Мухаммад бин Салман Аль Сауд менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.
Мамлекет башчы «Борбор Азия — Булуңдагы араб мамлекеттеринин кызматташтык Кеңеши» аттуу мамлекет башчыларынын биринчи саммитине катышты.
Жапаров Сауд Арабияга падыша Салман бинАбдулазиз Аль Сауддун чакыруусу менен 18-июлда кеткен.