Бишкектин Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн магистралдык жылуулук тармагын масштабдуу реконструкциялоо иштери аяктады

Бишкектин Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн Медеров көчөсүнөн Кулатов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө магистралдык жылуулук тармагын масштабдуу реконструкциялоо иштери аяктады.

 

Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда жол толугу менен унаа кыймылына ачык. Белгиленгендей, долбоордун алкагында түтүктөр алмаштырылып, бардык жапкычтар жаңыланды. Реконструкцияланган тармактын жалпы узундугу 845 метрди түзөт.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.