Кыргызстанда чет өлкөлөрдөгү бош иш орундар жарманкеси өтөт

Кыргызстанда чет өлкөлөрдөгү бош иш орундар жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чара 4-декабрдан 14нө чейин Баткен, Жалал-Абад, Ош, Нарын, Каракол жана Бишкек шаарларында өтөт.

 

Жарманкеде чет мамлекеттерде ишке орноштуруу боюнча 20 агенттик 2 миңден ашык вакансия сунуштайт.