Бишкектин жылуулук системасы жакынкы күндөрү калыбына келтирилет

Бишкектин жылуулук системасы жакынкы күндөрү калыбына келтирилет. Бул тууралуу Энергетика министринин орун басары Насипбек Керимов билдирди.

 

Анын айтымында, учурда кырсыктын себептери такталууда, ыкчам штаб түзүлдү.

 

Эске салсак, бүгүн таңкы саат 3төр чамасында Бишкек ЖЭБинде авария болгон. Анын кесепетинен беш кызматкер жаракат алып, ооруканага түшкөнү кабарланды. Алардын экөөсү оор абалда экени айтылууда. Кырсыктын себептери азырынча айтыла элек.