«Ысык-Көл» аэропортунун жаңы аэробекетинин курулушу старт алды

Президент Садыр Жапаров Тамчыдагы «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунун жаңы аэробекетинин имаратынын курулушуна старт берди.
Мамлекет башчынын маалымат кызматы бүгүн, 1-июлда, Садыр Жапаров имараттын курулушунун башталышына капсула салганын билдирди.
Долбоорго ылайык, аэробекет ABC Tу-154, Tу-204, Boeing 737, Boeing 757, Airbus A319, A320, A321, BAE 146-200, Embraer E170/E175 жана алардын аналогдору менен келген жүргүнчүлөрдү тейлөөгө ылайыкталган.
Маалыматта айтылгандай, жаңы аэробекеттин үч кабаттуу имаратынын аянты 18 424,5 чарчы метрди түзөт. Ал саатына 450 жүргүнчүнү тейлейт.