Боом капчыгайында кооптуу таштарды атайылап түшүрүү иштери уланат

Боом капчыгайында кооптуу таштарды атайылап түшүрүү иштери уланат.

 

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынан билдиришкендей, жумуштар аба ырайынын шарттарын эске албаганда 20-майдан 24-майга чейин жүргүзүлөт. Мындан улам, эртең мененки саат 9дан күндүзгү 3кө чейин жол жарым-жартылай тосулуп турат.

 

Белгиленгендей, таш түшүрүү иштери Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунда автомобиль жана темир жол транспортунун коопсуздугун камсыздоо максатында өткөрүлүүдө.