Жалал-Абадда жер көчкү коркунучунан улам 10 үй-бүлө көчүрүлдү

Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Жүзүмжан айылында 10 үй-бүлө убактылуу коопсуз жайга көчүрүлдү. Novosti.kgге жергиликтүү бийликтен билдиришкендей, аталган аймакта эски жер көчкү активдешкени байкалууда.

 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, өлкөдө кооптуу аймактарда 3 миң 900гө жакын адам жашайт. Алардын миңден ашууну Жалал-Абад облусунун аймагында турат.