«Жалал-Абад» аэропортунун иши жанданды

«Жалал-Абад» аэропортунун иши жанданды. Novosti.kgге “Манас” эл аралык аба майданынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, учурда аймактагы туман тарады.

 

Эске салсак, буга чейин Жалал-Абадды коюу туман каптап, учактар коно албай жатканы кабарланган.

 

Буга байланыштуу Бишкек—Жалал-Абад багыты боюнча учкан авиакаттамдардын бардыгы «Ош» эл аралык аэропортуна багытталган.