Британиялык басылма Англия премьер-лигасынын тарыхындагы мыкты чабуулчуларды атады

Британиялык басылма Англия премьер-лигасынын тарыхындагы мыкты чабуулчуларды атады. FourFourTwo журналынын версиясы боюнча, биринчи сапта “Ливерпулдун” футболчусу Мохамед Салах жайгашат, ал буга чейин “Челсиде” дагы ойногон.

 

Экинчи орунда “Манчестер Юнайтеддин” курамында оюн талаасына чыккан Криштиану Роналду турат.

 

Ал эми үчилтикти “Тоттенхэмдин” чабуулчусу Сон Хын Мин бекитет. Жалпысынан тизмеге 20 футболчу кирди.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.