Түркиядагы эл аралык турнирде кыргызстандык дагы эки балбан алтын утту

Түркияда өтүп жаткан күрөш боюнча эл аралык турнирде кыргызстандык дагы эки балбан алтын утту. Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиршкендей, эркин күрөштөн Бекзат Алмаз уулу жана Улукбек Жолдошбеков жеңүүчү болду.

 

Буга чейин балбандар Жоламан Шаршенбеков, Айсулуу Тыныбекова жана Айпери Медет кызы алтын медаль тагынышкан. Анталья шаарында өтүп жаткан эл аралык мелдеш бүгүн жыйынтыкталат.