Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы жайкы машыгууларды Болгарияда өткөрөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан билдиришти.
Машыгуулар 16-27-июлга чейин Банско шаарында болот. Иш-чарага кыргызстандык клубдарда ойногон 26 оюнчу барат.