Быйыл Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 20 чакырымына асфальт төшөлдү

Быйыл Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 20 чакырымына асфальт төшөлдү. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, жолдун 10 чакырымы демөөрчү тарабынан жасалса, 10 чакырымы өлкө казынасынын эсебинен оңдолду. Белгилеп кетсек, аталган унаа жолдун жалпы узундугу 138 чакырымды түзөт. Өткөн жылы 8 чакырымданы ашык аралыгына асфальт төшөлгөн.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.