Бишкекте кайрадан көчөлөр тосулат

Бишкекте кайрадан көчөлөр тосулат. Бул ирет КМШ мамлекеттеринин парламент аралык ассамблеясы үчүн.

 

Расмий иш-чара Бишкекте 16-17-ноябрда өтөт. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришкендей, делегациялар келген учурда Манас, Айтматов, Жибек Жолу проспектилери, Фучик, Байтик Баатыр, Медеров жана Юнусалиев көчөлөрү маал маалы менен тосулат.

 

Шаар тургундарына абалды түшүнүү менен кабыл алып, каттамдарын эртелеп түзүп алуу сунушталат.