Сары-Челектин жолун оңдоп, асфальт төшөө пландалууда

Сары-Челектин жолун оңдоп, асфальт төшөө пландалууда

Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде Жалал-Абад облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Сары-Челектин жолунун абалы менен жеринен таанышты. Бул тууралуу ал фейсбуктагы баракчасына жазды.

“Өзүнүн уникалдуу, кооз жаратылышы менен таанылып, миңдеген туристтер көрүүгө ашыккан Сары-Челектин жолу жылына кеңейтилип, оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп келет.

 

Албетте, өлкөнүн туристтик потенциалын өнүктүрүү үчүн биринчи кезекте инфраструктураны жакшыртып, жаратылышы керемет жети дубанды көрүүгө келген конокторго жакшы шарт түзүү маанилүү.

 

Мындан улам, мамлекет жетекчисинин демилгеси менен айыл аралап, асман тиреген тоолордун койнунда мелтиреп жаткан көлүбүзгө барчу жолго асфальт төшөө пландалууда”,-деп жазган мекеме жетекчиси.

 

Ошондой эле ал буюрса алдыда пландаган иштер жүзөгө ашып, туристтерге түзүлгөн шарттар жакшырса, Кыргызстанга келген коноктордун агымы артарын белгилеп өткөн.