«Быстровка» ГЭСне жаңы дизелдик генератор орнотулду

«Быстровка» ГЭСне жаңы дизелдик генератор орнотулду. Энергетика министрлигинен билдиришкендей, мурдагы техника узак убакыт иштеп, кубаты жетишсиз болгондуктан алмаштыруу зарылчылыгы келип чыккан.

 

Жаңы генератор 2023-жылы Кытайда өндүрүлгөн. Кубаттуулугу 25 киловольт-амперди түзөт.

 

Бул генератор жабдуулардын туруктуу иштешин гана камсыздабастан, ГЭСтин эксплуатациясынын жалпы коопсуздугун да жогорулатат деп күтүлүүдө.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.