Бишкек жана Чүйдө бүгүнтөн тарта көчмө аппараттык-программалык комплекстер иштеп баштайт. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Мындай иштер жол кырсыктарын алдын алуу жана ылдамдыкты ашырып айдаган айдоочулардын жоопкерчилигин күчөтүү максатында жасалат.
Аппараттык-программалык комплекстер турчу жолдорго атайын эскертүү белгилери орнотулду.