Сосновка жана Арал постторунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө киргизилген чектөө алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Эске салсак, бүгүн Бишкек – Ош унаа жолунда кар жаап жаткандыгына байланыштуу кырсыктардын алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында аталган посттордо оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилген.