Кыргызстан Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарын 6 медаль менен жыйынтыктады

Кыргызстан Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарын 6 медаль менен жыйынтыктады. Олимпиадага жалпысынан 16 спортчу катышты.   Мээрим Жуманазарова жана Мунарбек Сейитбек уулу күмүш медалдарды тагынса, Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Айсулуу Тыныбекова, Үзүр Жусупбеков коло медалдарга ээ болушту. Медалдык зачетто Кыргызстан 68-орунда жайгашты.   Биринчиде 126… Кененирээк…

Мушкер Мунарбек Сейитбек уулу Олимп оюндарында күмүш медаль багындырды

Париж-2024: Мунарбек Сейитбек уулу күмүш медал тагынды Париж Олимпиадасында 11-августка караган түнү кыргызстандык мушкер Мунарбек Сейитбек уулу күмүш байгеге ээ болду. Ал бокстон 57 килограмм салмакта финалдык беттеште өзбекстандык Дүйнө чемпиону Абдумалик Халоков менен беттешип, жеңилди (0:5).   Олимп оюндарындагы спорттун бул түрүнөн Кыргызстандын алгачкы… Кененирээк…

Айсулуу Тыныбекова Олимпиада оюндарында коло медаль утту

Айсулуу Тыныбекова коло медал утту. Париж Олимпиадасында кыз-келиндер күрөшүнөн 62 кг салмакта Айсулуу Тыныбекова коло байгеге ээ болду. Ал 11-августка караган түнү 3-орун үчүн болгон беттеште монголиялык Орхон Пуревдоржду жеңди (6:6). Айсулуу ушуну менен Олимпиаданын экинчи жолку байгесине ээ болду. Токио Олимпиадасында күмүш байге алган.

Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында беш спортчу өлкө намысын коргойт

Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында беш спортчу өлкө намысын коргойт. Алгачкылардан болуп эркин күрөш боюнча 125 килограмм салмакта Айаал Лазарев жубатуучу беттеште Канаданын спортчусу Амарвир Деси менен кез келет. Кыргызстандык балбан буга чейин жеңилип калган ирандык спортчу финалга чыгып, коло үчүн ат салышууга мүмкүнчүлүк жаралды.… Кененирээк…

Айсулуу Тыныбекова финалга чыга алган жок, эми ал коло медаль үчүн күрөшөт

Айсулуу Тыныбекова финалга чыга алган жок, эми ал коло медаль үчүн күрөшөт. 62 килограмм салмак категориясында балбан жарым финалда украиналык Ирина Коляденкого 9:2 эсебинде утулуп калды.   Эркин күрөштөн Бекзат Алмаз уулу дагы коло байге үчүн беттеште жеңилди. Ал эми Айаал Лазарев 125 килограмм салмакта… Кененирээк…

Айсулуу Тыныбекова Олимп оюндарында жарым финалга жолдомо алды

Айсулуу Тыныбекова Олимп оюндарында жарым финалга жолдомо алды. Жарым чейрек финалда Тыныбекова Нигериядан келген спортчуну 5:1 эсебинде утуп алса, чейрек финалда америкалык Кайла Мираклды жеңди.   Финалга чыгуу укугу үчүн кармаш бүгүн саат 22:15те өтөт. Эске салсак, кечинде ошондой эле коло медалга күчүн Бекзат Алмаз… Кененирээк…

Айсулуу Тыныбекова алгачкы атаандашын жеңди

Бүгүн, 9-августта Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча балбаны Айсулуу Тыныбекова 62 кг салмак категориясында алкачкы беттешин өткөрдү.   Олимпиаданын 8/1 финалдык беттешинде алгачкы атаандашы нигериялык Эстер Колаволе болду. Айсулуу Тыныбекова аны 4:1 эсебинде утту. Эми ал чейрек финалда күрөшөт.   Айсулуу Тыныбекова эркин… Кененирээк…

Бекзат Алмаз уулу жубатуучу беттеште утту, эми коло үчүн күрөшөт

Париж Олипиадасында эркин күрөштөн 57 килограммга чейинки салмакта кыргызстандык балбан Бекзат Алмаз уулу көңүл жубатуучу беттеште кытайлык Цзоу Ванхао туше менен утуп алды.   Эми ал коло медал үчүн өзбек балбаны Гуломжон Абдуллаев менен күч сынашат. Коло медал үчүн жана финалдык беттештер Бишкек убактысы боюнча… Кененирээк…

Кыргызстан Олимпиада оюндарындагы медалдардын саны боюнча рекордун жаңылады

Кыргызстан Олимпиада оюндарындагы медалдардын саны боюнча рекордун жаңылады.   Биздин спортчулар Парижде 4 медаль багындырышты. Ал эми жалпысынан өлкө тарыхында Олимп оюндарында 11 медаль бар: Сиднейде – 1 коло, Пекинде 1 күмүш жана 2 коло, Токиодо 2 күмүш жана бир коло, ал эми азыркы Париждеги… Кененирээк…

Олимпиада-2024: Бүгүн Тыныбекова менен Лазарев мелдешке чыгат

Париждеги Олимп оюндарында бүгүн кыргызстандан Айсулуу Тыныбекова менен Айаал Лазарев мелдешке чыгат.   Айсулуу Тыныбекованын алгачкы атаандашы нигериялык Эстер Колаволе болот. Ал эми Айаал Лазарев ирандык Амир Хоссейн Заре менен кез келет.   Эске салсак, учурда Кыргызстандын капчыгында Париж олимпиадасынын бир күмүш, үч коло медалы… Кененирээк…