Париж-2024: Балбан Бекзат Алмаз уулу көңүл жубатуучу беттешке чыгат

Олимпиадада эркин күрөштөн 57 килограммга чейинки салмакта балбан Бекзат Алмаз уулу коло байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды. Ал чейрек финалда жеңилген АКШ спортчусу Спенсер Ричард Ли жарым финалда өзбекстандык Гуломжон Абдуллаевди 14:4 эсебинде жеңди.   Алмаз уулу эми көңүл жубатуучу беттешке чыгат. Андан утса, коло… Кененирээк…

Париждеги Олимп оюндарында Мунарбек Сейитбек уулу финалга чыкты

Париждеги Олимп оюндарында кыргыз мушкери Мунарбек Сейитбек уулу финалга чыкты. Ал бокстон жарым финалдык беттеште болгариялык Хавьер Ибаньес Диясты 4:1 эсеби менен утуп алды.   Мунарбек Сейитбек уулу финалда өзбекстандык мушкер Абдумалик Халоков менен беттешет. Таймаш 11-августта өтөт.   Мунарбек Сейитбек уулу Олимпиаданын финалына чыккан… Кененирээк…

Олимпиада: Бекзат Алмаз уулу алгачкы атаандашын жеңди

Париждеги Олимиада оюндарында 8-августта эркин күрөш боюнча Кыргызстандык улуттук курама командасынын мүчөсү Бекзат Алмаз уулу алгачкы атаандашын утту.   Балбан 57 кг чейинки салмак категориясында 1/8 финалдык беттеште казакстандык Мейрамбек Картбайды 4:1 эсебинде жеңип, чейрек финалга чыкты. Анын кийинки атаандашы белгилүү боло элек. Бүгүн грек-рим күрөшү… Кененирээк…

Париждеги Олимпиадада Амантур Исмаилов жубатуучу беттешти утту

Париждеги Олимпиадада Амантур Исмаилов жубатуучу беттешти утту. Ал грек-рим күрөшү боюнча 67 килограмм салмакта сербиялык Мате Немеша менен кез келип, атаандашын бир мүнөттүн ичинде эки жолу көтөрүп чаап, 8:0 менен таза жеңди. Ал кечки саат ондон кийин азербайжандык Хасрат Жафаров менен коло байгени талашат. Кыргыз… Кененирээк…

Париж-2024: Бүгүн кыргызстандык дагы үч спортчу мелдешке чыгат

Парижде өтүп жаткан Олимп оюндарында бүгүн кыргызстандык дагы үч спортчу мелдешке чыгат. Амантур Исмаилов грек-рим күрөшү боюнча көңүл жубатуучу беттеш өткөрөт. Бекзат Алмаз уулу эркин күрөш боюнча мелдешке 57 килограммга чейинки салмак ченинде катышат.   Таймаштар Бишкек убактысы боюнча күндүзгү саат 3:30да башталат.   9-августка… Кененирээк…

Париж-2024: Балбан Амантур Исмаилов көңүл жубатуучу беттешке чыгат

Париж Олипиадасында грек-рим күрөшүнөн 67 килограммга чейинки салмакта Амантур Исмаилов коло байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды. Анын чейрек финалда жеңилген украиналык атандашы Парвиз Насибов жарым финалда азербайжандык Хазрат Жафаровду жеңип, финалга чыкты.   Эрежеге ылайык Исмаилов эми көңүл жубатуучу беттешке чыгат. Андан утса, коло байге үчүн… Кененирээк…

Париж-2024: Акжол менен Үзүр коло медаль утту

Париж Олимпиадасында Акжол Махмудов менен Үзүр Жузупбеков коло медаль утту. Акжол Махмудов грек-рим күрөшүнөн 77 килограмм салмакта 3-орун үчүн беттеште азербайжандык Санан Сулеймановду 6:5 эсебинде жеңди. Үзүр Жузупбеков болсо 97 килограмм салмакта египеттик Мохамед Габрды 2:1 эсебинде артка калтырды.   Учурда Кыргызстандын капчыгында Париж олимпиадасынын… Кененирээк…

Амантур Исмаилов жарым финалга чыга алган жок

Грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык балбан Амантур Исмаилов 67 кг салмак ченинде Париждеги Олимпиада оюндарынын алкагында 7-августта чейрек финалдагы беттешин өткөрдү.   Анын атаандашы украиналык Парвис Насибов аттуу балбан болду. Исмаилов атаандашына 6:7 эсебинде утулду. Амантур Исмаилов 1/8 финалда грузиялык Рамаза Зоидзени 12:1 ири эсебинде жеңген.… Кененирээк…

Амантур Исмаилов чейрек финалга чыкты

Бүгүн, 7-август күнү Париждеги Олимпиада оюндарынын алкагында кыргызстандык балбан Амантур Исмаилов грек-рим күрөшү боюнча 67 кг салмак категориясында алгачкы беттешин өткөрдү.   Ал грузиялык 28 жаштагы Рамаз Зоидзе менен күч сынашты. Ал мөөнөтүнөн мурда атаандашын 12:1 эсебинде утту. Исмаилов муну менен чейрек финалга чыкты. Амантур Исмаилов Азия оюндарынын… Кененирээк…

Акжол Махмудов жана Үзүр Жусупбеков жубатуучу беттеште утту, эми коло үчүн күрөшөт

Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында кыргызстандык балбан Акжол Махмудов грек-рим күрөшүнөн 77 килограммга чейинки салмакта коло медал үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк бере турган көңүл жубатуучу беттеште колумбиялык Алексис Муньозди 9:0 менен утуп алды.   Эми Акжол коло медал үчүн азербайжандык Санан Сулейманов менен беттешет. Коло медал… Кененирээк…