Бүгүн Парижде 33-жайкы Олимпиада оюндары старт алат

Бүгүн Парижде 33-жайкы Олимпиада оюндары старт алат. Салтанаттуу ачылыш аземи масштабдуу оюн-зоок менен коштолот.   Биринчи жолу ал стадиондон тышкары өтөт, спортчулардын парадын Сена аркылуу сүзгөн кайыктар алмаштырса, негизги программа Эйфель мунарасынын алдында уюштурулат.   Бүгүн Париждин үстүнөн самолетторго учууга тыюу салынган.   Ушул жана… Кененирээк…

Садыр Жапаров Париждеги Олимпиада оюндарына катыша турган курама командага тууну тапшырды

Президент Садыр Жапаров ХХХІІІ жайкы Олимпиада оюндарына лицензия жеңип алган спортчулар менен жолугушуп, Кыргызстандын курама командасынын капитаны Акжол Махмудовго мамлекеттик тууну тапшырганын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.   Иш-чаранын аягында Жапаров улуттук курама команданын капитаны Акжол Махмудовго Кыргызстандын мамлекеттик желегин тапшырды.  

Парижде Олимпида оюндары учурунда коомдук тартипти камсыздаган полиция кызматкерлерине сагыз чайноого тыюу салынды

Парижде Олимпида оюндары учурунда коомдук тартипти камсыздаган полиция кызматкерлерине сагыз чайноого тыюу салынды. Тиешелүү буйрукту өлкөнүн ички иштер министри чыгарды.   Ошондой эле укук коргоочуларга социалдык тармактарга кирүүгө болбойт. Алар оюндарга келген коноктор менен сылык сүйлөшүп, ар кандай учурларда жардамга келүүгө даяр болушу керек.  … Кененирээк…

Балбан Акжол Махмудов Олимпиада оюндарында Кыргызстан курамасынын капитаны болуп шайланды

Балбан Акжол Махмудов Олимпиада оюндарында Кыргызстан курамасынын капитаны болуп шайланды.   Францияда Махмудов өзү 6-августта килемге чыгат. Күрөш боюнча турнир августта башталгандыктан, балбандар оюндардын ачылыш аземине катыша албайт.   Андыктан, өлкөнүн желегин дзюдочу Эрлан Шеров көтөрүп чыгат, — дешти министрлер кабинетинен. Эске салсак, Кыргызстан курамасында… Кененирээк…

Кыргызстан Олимпиада оюндарына дагы бир лицензия ээледи

Кыргызстан Олимпиада оюндарына дагы бир лицензия ээледи. Мелдештерге катышуу квотасын Кыргызстандын сууда сүзүү боюнча курамасынын мүчөсү Елизавета Печерских алды.   Ал эркин стилде 50 метр аралыкка сүзүү боюнча күчүн сынайт. Учурга карата өлкө капчыгында 16 лицензия бар, алар күрөш, жеңил атлетика, сууда сүзүү, дзюдо жана… Кененирээк…

Парижде өтө турган Олимпиада оюндарында коомдук коопсуздукту күн сайын  30 миң полиция кызматкери камсыздайт

Парижде өтө турган Олимпиада оюндарында коомдук коопсуздукту күн сайын  30 миң полиция кызматкери камсыздайт. Ал эми ачылыш аземине 63 миң тартип сакчы жана аскер кызматкери тартылат. Бул күнү спортчулардын жүрүшү ачык асман алдында өтөт.   Белгилеп кетсек, Олимпиада оюндары Парижде 26-июлда старт алат. Шаарга 10… Кененирээк…