Чүй облусундагы “Жунда” заводу кайра ишке берилди

Чүй облусунун Кара-Балта шаарындагы “Жунда” заводу кайра ишке берилди. Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, заводду модернизациялоо долбоорунун алкагында Садыр Жапаров курулушка капсула салды.

 

Маалыматка ылайык, “Жундада” 400гө жакын жаңы жумуш орундары түзүлөт.

 

Эске салсак, мындагы иш 2019-жылы токтоп калган. Мунун себеби пандемияга байланыштуу экени кабарланган.

 

“Жунда” жыл сайын 800 миң тонна мунайды кайра иштетүүгө ыңгайлашкан.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.