Каражатын чогулткан кыргызстандыктар көбөйө баштады

Кыргызстандыктар акчаны көп топтой башташты жана аны сом менен сактоону туура көрүшөт. Улуттук банктын маалыматына караганда, коммерциялык банктардын депозиттик базасынын көлөмү 400 миллиард сомго жакындады.

 

Ушул жылдын январь-июль айларында бул көрсөткүч 18 пайызга өскөн. Бул тенденция экономиканы кредиттөөнүн өсүшүн колдой турганы белгиленди.

 

Кредиттик портфелдин көлөмү жыл башынан бери 14 пайызга өсүп, июль айынын аягында 233 миллиард сомду түздү. Улуттук банк бул өлкөдөгү инфляциянын солгундап кетишинин бирден бир себеби болгонун белгилейт.