Кыргызстанда жаңы төрөлгөн балдарга депозиттик эсеп ачуу сунушталууда

Ар бир жаңы төрөлгөн кыргызстандыктын атайын депозиттик эсеби болушу мүмкүн. Тиешелүү мыйзам долбоорун депутаттар тобу демилгелеп жатат.

 

Каражат мамлекет тарабынан эсепке чегерилет. Депозитке түшкөн сумма бойго жеткенге чейин чогулат. Кийин 18ге чыккан бала университетте окуу акысын төлөп же ипотекага үй сатып ала алат.

 

Демилгечилер белгилегендей, учурда акча маселесинен улам кыргызстандык жаштардын көбү билим алууга мүмкүнчүлүктөрү жок. Документ биринчи окууда кабыл алынды.