Чүй облусунун Аламүдүн районунда кыска мөөнөттүү 5 бала бакча ачылды

Чүй облусунун Аламүдүн районунда кыска мөөнөттүү 5 бала бакча ачылды. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти. Бакчалар 2-сентябрдан тарта иштеп баштады.

 

Кыргызстанда кыска мөөнөттүү 500 бала бакча жана 60 өнүктүрүү борборун ачуу пландалууда. Алар аркылуу 3-5 жаштагы 40 миңдей бала мектепке чейинки билим менен камтылат.

 

Кыска мөөнөттүү бала бакчада балдар 3 саат болушат, аларды өнүктүрүүгө мамлекеттик стандарттын негизинде жетиштүү убакыт бөлүнөт. Болгону уйку жана тамак берүү каралган эмес.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.