Окуучулардын тамактануусуна мамлекеттен бөлүнүүчү акчаны 14 сомго жеткирүү пландалууда.
Билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева билдиргендей, мугалимдерди жаңы муундагы ноутбук жана мазмундуу программалар менен камсыз кылууга, окуучулардын тамак-ашына, айлыктын кээ бир түрүн жогорулатууга бюджеттен кошумча 3 миллиард сом каралды.
Эске салсак, бүгүнкү күндө тоолуу аймактардагы мектептерде окуучулардын тамактануусуна күнүнө 10 сом, түз жерде жайгашкандарга 7 сомдон бөлүнөт. Акыркы чечимди Каржы министрлиги кабыл алат, — деди Кендирбаева.