Мамлекеттик бала бакчадагы ысык тамактын акчасы боюнча маселе кайра каралат

Мамлекеттик бала бакчадагы ысык тамактын акчасы боюнча маселе кайра каралат. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында айтылды.

 

Маалыматка ылайык, социалдык комитет тиешелүү иштерди жүргүзүүдө. Тагыраагы, бала бакчадагы тамактын каражаты кайрадан мамлекетке жүктөлө тургандай мыйзамга өзгөртүү киргизиле турганы маалымдалды.