Чек ара кызматы Тамчы айылында жайгашкан “Ысык-Көл” аэропортунда болгон кырсык боюнча комментарий берди.
Мекеме 14-августта Балыкчы шаарындагы машыгуу полигонунда жаңы типтеги тактикалык чакан дрон сыноодон өткөрүлгөнүн, ал “Ысык-Көл” аэропортунун аймагында белгиленген жерге жетпей кулап, күйүп кеткенин кабарлады.
Расмий маалымат боюнча, эч ким жабыркаган жок жана анын калдыктарын тазалоо иштери жүрүп жатат. Дрон эмне себептен кулаганы иликтенет.
“Ысык-Көл” аэропортунда учкучсуз учак кулаганын буга чейин “Манас” эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдирген.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.