Төө-Ашууда жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилди

Төө-Ашуу аркылуу жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилди. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришти.

 

Тыгындарды болтурбоо үчүн мындай чара аба ырайы жана климаттык шарттар жакшырганга чейин күчүндө болот.

 

Тоолуу райондорго жана ашуулар аркылуу сапарга чыгууну пландап жаткан башка айдоочуларга дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштыруу сунушталат.