Чолпон-Ата шаарында жаңы эс алуу багы ачылды

Чолпон-Ата шаарында жаңы эс алуу багы ачылды. Парк №2 мамлекеттик резиденциянын аймагында жайгашат.

 

Анын жалпы аянты 16 гектарга барабар. Эс алуу аймагында шаар тургундары жана коноктору үчүн амфитеатр, веложолчо, көпүрөлөр, фонтан жана жасалма арал каралган.

 

Курулуш иштерине каражат мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн.