Кыргызстанда унаанын алдыңкы каптал айнектерин караңгылатууну каалагандар мамлекеттик бюджетке 144 миллион сом которду

Кыргызстанда унаанын алдыңкы каптал айнектерин караңгылатууну каалагандар мамлекеттик бюджетке 144 миллион сом которду. Дал ушундай суммага уруксат кагазы берилгенин “Унаа” мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

 

Ведомстводон такташкандай, расмий тонировкага лицензия бир жылга берилет. Андан кийин унаа ээлери аны узартышы керек.

 

Эске салсак, алдыңкы каптал айнектерди караңгылатууга расмий түрдө уруксат өткөн жылы берилди. Аны алуу үчүн жарандар 80 миң сом төлөшү керек, ал эми юридикалык жактарга уруксат кагазын алуу 100 миң сомго айланат.