Дүйнөнүн эң бай адамдарынын тизмесинде алдыңкы үчилтикте өзгөрүүлөр болду

Дүйнөнүн эң бай адамдарынын тизмесинде алдыңкы үчилтикте өзгөрүүлөр болду. Франциялык миллиардер Бернар Арто позициясын жоготту. Ал 185 миллиард доллары менен төртүнчү орунга түштү. Ал эми Марк Цукерберг үчүнчүгө көтөрүлдү.

 

Анын капиталы – 188 миллиард. Экинчи орунда мурдагыдай эле Amazon компаниясынын негиздөөчүсү Джефф Безос турса, лидерлик позицияда 235 миллиард долларга ээлик кылган Илон Маск турат.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.