«Достук» бекетинде калкты тейлөө сапаты жакшыртылды

Кыргыз-өзбек чек арасындагы «Достук» бекетинде калкты тейлөө сапаты жакшыртылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет билдирди.

 

Маалыматка ылайык, үзгүлтүксүз тейлөөнү камсыз кылуу үчүн аталган пунктун айрым жерлеринде оңдоо иштери жүргүзүлүп, кошумча паспорттук көзөмөл терезелери ачылып, чек ара кызматкерлеринин саны 9 адамга көбөйтүлдү.

 

Белгиленгендей, Учурда «Достук» көзөмөл-өткөрүү бекетинин ишине көзөмөлдү күчөтүү боюнча кошумча чаралар көрүлүүдө.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.