Бишкекте таза сууга тарифти жыл сайын көтөрүү пландалууда

Бишкекте таза сууга тарифти жыл сайын көтөрүү пландалууда. Бул тууралуу шаардык кеңештин отурумунда вице-мэр Жыргалбек Шамыралиев жарыялады. Анын айтымында, азыркы тариф суунун өз баасын дагы жаппайт.

 

Андыктан, учурда тарфти инфляцияга байлап, жыл сайын бааларды ага жараша кайра карап чыгып, зарыл болсо кымбаттаттуу маселеси каралып жатат. Эске салсак, учурда таза суунун бир кубометри үчүн шаар тургундары 8 сомдон төлөсө, тарифти 10 сом 45 тыйынга көтөрүү пландалууда. Ал эми Бишкек суу каналы” ишканасынан буга чейин билдиришкендей, суунун бир кубометринин өз баасы 12 сом 9 тыйынга теңелет.