Кыргызстанда бензиндин тартыштыгы жок экени кабарланды

Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майдын тартыштыгы жок. Буга Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы ишендирүүдө.

 

Ведомстводон эске салышкандай, ушул жылдын 21-сентябрында Россия бензин жана дизель майын экспорттоого убактылуу тыюу салган. Бирок бул ЕАЭБ өлкөлөрүнө, анын ичине Кыргызстанга тиешелүү эмес.

 

Россияда чектөөлөр киргизилгенден кийин күйүүчү майдын баасы арзандай баштады. Санкт-Петербург эл аралык соода биржасынын маалыматына караганда, 21-сентябрда бензин 5,7%, дизель майы 2,15% төмөндөдү, — деп айтылат маалыматта.