Футбол боюнча Европа чемпионатында финалга чыккан жуптар аныкталды

Футбол боюнча Европа чемпионатында финалга чыккан жуптар аныкталды. Чечүүчү беттеште Испания менен Англия кез келет. Жолугушуу Бишкек убактысы боюнча 15-июлда түнкү саат 1де болот.

 

Эске салсак, буга чейин Евронун биринчи жарым финалында Испания Францияны 2:1 эсебинде утуп алган. Англия жарым финалда Голландиядан күчтүүлүк кылып, эсеп 2:1 менен аяктады.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.