Газ жабдууларын орнотууга уруксатты эми жашаган аймактан алса болот

Газ жабдууларын орнотууга же унаанын конструкциясына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө уруксатты эми жашаган аймактан алса болот. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

 

Аталган мекеме бүгүнкү күндө Баткен облусунан башка бардык аймактык бөлүмдөр бул кызматты көрсөтүп жатканын белгилейт. Баткенде диагностикалык борбор ачылгандан кийин уруксат кагаздары бериле баштайт.