Бишкектин коомдук транспортторунда орнотулган мониторлордо кыргыз тилиндеги мультфильмдер көрсөтүлөт. Бул тууралуу мэриянын Транспорт департаменти билдирди.
Маалыматка ылайык, мындай чечим шаар бийлигинин жыйынынын алкагында “Мамлекеттик тил жөнүндө” конституциялык мыйзамды ишке ашыруу максатында кабыл алынды.