Кыргызстанда документтердин электрондук версиясы күчүнө кирди

Кыргызстанда документтердин электрондук версиясы күчүнө кирди. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

 

Ведомство маалыматына ылайык, кыргызстандыктар “Түндүк” уюлдук тиркемесинин жардамы менен мамлекеттик органдарга жана физикалык, юридикалык жактарга санариптик форматтагы документтерин көрсөтө алат.

 

Бул үчүн каалаган калкты тейлөө борборунан алынган электрондук кол тамга болушу керек.