Германия курамасынын легендарлуу дарбазачысы Мануэль Нойер карьерасын жыйынтыктады

Германия курамасынын легендарлуу дарбазачысы Мануэль Нойер карьерасын жыйынтыктады. Ал команданын курамында 2009-жылдан бери ойноп, жалпысынан 124 беттеш өткөрүп, 118 гол киргизген.

 

Немис курамасы үчүн 38 жаштагы голкипердин акыркы беттеши Европа чемпионатынын алкагындагы Испанияга каршы оюн болуп калды. Анда Германия 1:2 эсебинде утулган болчу.

 

Ал эми клубдук деңгээлде Нойер 2011-жылдан бери “Баварияда” ойнойт, анын келишими 2025-жылы аяктайт.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.