Лионель Месси сезондун аягында ПСЖ менен келишимин узартпайт. Мессинин карьерасынын Париж этабы ушул ишембиде – Франция чемпионатынын финалдык турунда аяктайт. Эртең ПСЖ Клермон менен ойнойт.
Аргентиналыктын келечектеги пландары азырынча так белгисиз. Божомолдорго ылайык, оюнчу кайрадан Барселонага кайтат же Сауд Аравиядагы клубдардын бирине өтөт.