Бүгүн Айсулуу Тыныбекова Хорватиядагы эл аралык рейтингдик мелдеште күчүн сынайт.
Бириккен күрөш дүйнөсүнүн маалыматына ылайык, беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 15:00до башталат.
Айсулуу Тыныбекованын алгачкы атаандашы кытайлык Сяоцзюнь Луо болот.
Ал буга чейин Азиянын эки жолку чемпиону болгон.
Загреб шаарында өтүп жаткан мелдешке Айпери Медет кызы да катышат.
Ал эртең, 4-февралда түшкү саат 3тө килемге чыгат.
1-февралда башталган спорттук иш-чара 5-февралда жыйынтыкталат.