Ички каттамдарды аткаруу максатында сатып алынган учактардын бири бүгүн Кыргызстанга келди

Ички каттамдарды аткаруу максатында сатып алынган учактардын бири бүгүн Кыргызстанга келди. “Манас” эл аралык аэропортунун маалыматына ылайык, Dash 8 Q-400 учагы 80 жүргүнчүнү батыра алат жана 2 миң чакырымга чейинки аралыкка учууга жөндөмдүү.

 

“Асман аба жолдору” мамлекеттик авиакомпаниясы 27-сентябрдан баштап өлкөнүн ичинде бардык багыттар боюнча ички каттамдарды аткара баштайт. Ага ылайык, Талас, Нарын, Караколго аба каттамдары ачылат. Дагы 3 учак өлкөгө жакынкы арада жеткирилет.