Бийик тоолуу аймактарда пенсияга чыккандардын жеңилдиктери мындан ары өзгөртүлбөйт

Бийик тоолуу жана алыскы аймактарда жашап, пенсияга чыккандардын жеңилдиктери мындан ары өзгөртүлбөйт.

Тагыраагы, жаран кийин жер которсо дагы катаал шарт үчүн чегерилген пенсиясын алат.

Бул боюнча кененирээк Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев айтып берди.

“Эгерде тоолуу аймак болуп бир чектелсе адам каякта болбосун ошол пенсиясын алат.

Анткени көп учурда тоолуу аймакта жашагандар пенсияга чыккандан кийин балдарынын колуна көчүп кетет.

Бишкекке келет көбү.

Анан баягы коэфициенттерди алып салып жатпайбызбы.

Бүгүнкү күндө ошол алынбай, ошол бойдон калышы керек деп сунуштап жатабыз”.

Социалдык фонд учурда пенсия тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөдү сунуштап жатат.

Документ Жогорку Кеңеш тарабынан жактырылса, кийинки жылдан тарта күчүнө кирет.