Бишкекте февралдан тарта “акылдуу” светофорлор иштеп баштайт

Бишкекте февралдан тарта “акылдуу” светофорлор иштеп баштайт. Транспорт департаментинин директору Улан Уезбаевдин айтымында, пилоттук долбоор Токомбаев, Байтик Баатыр жана Абдрахманов көчөлөрүнөн башталат.

 

Анын алкагында, светофорлорго атайын датчиктер орнотулуп, ал транспорттук агымга анализ жасап, маалымат чогултат.

 

Ага ылайык, жол чырак тыгындарды жаратпай, унаалардын жүргөнүнө жараша иштейт. Сыноо режими 2 айга созулат. Ал жакшы жыйынтыктарды берсе, мындай “акылдуу” светофорлор башка көчөлөрдө дагы пайда болот.