Июнь айында кыргызстандыктар бир күн эс алышат

Июнь айында кыргызстандыктар бир күн эс алышат. 17-июнда мусулмандар Курман айт майрамын белгилешет.

 

Бул күн министрлер кабинетинин токтому менен дем алыш күн катары бекитилген. Быйыл майрам дүйшөмбүгө туура келет. Муну менен кыргызстандыктар үч күн — 15, 16 жана 17-июнь күндөрү эс алышат.

 

Эске салсак, Курман айт Орозо бүткөндөн кийин жетимишинчи күнгө туш келет. Бул күнү мусулмандар курмандык чалып, эттин көбүн кедей-кембагалдарга таратып беришет.