Жалал-Абад облусунда 64 мечит убактылуу жабылды

Жалал-Абад облусунда 64 мечит убактылуу жабылды. Аймактык казыяттан билдиришкендей, жыл башынан бери атайын түзүлгөн топ текшерүү жүргүзүп келген. Анын жыйынтыгында 24 мечитте тиешелүү документтер жок экени аныкталса, 27си сел жүрүү коркунучу алдындагы жерлерде жайгашкан.

 

Дагы 24 мечитке документтерин иретке келтирүүгө мөөнөт берилди.

 

Белгилеп кетсек, Жалал-Абад облусунун аймагында эле 870 мечит бар.