Италияда велосипед менен жүргөндөргө акча төлөнө баштады

Италиянын Флоренция шаарында велосипед менен жүргөндөргө акча төлөнө баштады. Алар жарандарды экологиялык таза транспортту колдонууга ушинтип үндөгүсү келет.

 

Ал үчүн сапарларды жаздыра турган атайын тиркемени жүктөп алуу керек. Бир километр жол жүргөнү үчүн велосипедчи 20 цент алат. Кадимки каттамдан ашкан ар бир километр үчүн да акча берилет.

 

Программаны ишке ашырууга жалпысынан 1 миллион евродон ашык каражат бөлүнөт. Мындай демилге абанын сапатын жакшыртуу боюнча масштабдуу долбоордун бир бөлүгү.