Кытайлык үй-бүлө батирден акча экономдоо үчүн мейманканада жашап жатышат

Кытайда сегиз кишиден турган үй-бүлө мейманканага көчүп чыгышты. Алар бул — батирге караганда алда канча арзан дешет.

 

Отелге күнүнө 140 доллар төлөшөт. Бул суммага чоң бөлмөсү бар конок үйү жана эки керебеттүү люкс номер ылайыкташкан. Электр энергиясы, жылуулук, суу жана унаа токтотуучу жай да ушул баага кирет.

 

Үй-бүлө башчысы өздөрүн бактылуу сезип, эч жакка көчүү ниети жок экенин билдирди.