Экономика министрлиги өлкөдөн макулатура чыгарууга убактылуу тыюу салууну сунуштады

Экономика министрлиги өлкөдөн макулатура чыгарууга убактылуу тыюу салууну сунуштады. Ведомстводон түшүндүрүшкөндөй, мындай чара жергиликтүү ишканаларды колдоо үчүн зарыл.

 

Экспортко тыюу 2021-жылы киргизилген. Себеби – компанияларга өндүрүш жана кайра иштетүү үчүн сырье айрым учурларда жетишпей калат. Бул алардын жабылып калышына алып келиши мүмкүн.

 

Андыктан, ишкерлер макулатура экспортуна мораторийди узартууну суранып жатат. Токтом долбоор коомдук талкууга чыгарылды.