Эмдөө боюнча маалыматтарды «Түндүк» аркылуу билсе болот

Эми кыргызстандыктар эмдөө боюнча маалыматтарды тиркеме аркылуу биле алышат.

 

Санариптик өнүктүрүү министрлиги тиешелүү кызматты «Түндүк» мобилдик тиркемесине киргизди. Анын алкагында адамдын жаш курагына жана сунушталган вакциналарга жараша эмдөөдөн өтүү зарылчылыгы жөнүндө маалыматтар берилет.

 

Мунун баарын «Түндүк» тиркемесиндеги жарандын Санариптик ден соолук профилинен көрсө болот.